"Мени уурдоого аракет кылышты". Кара-Көлдө аял кишинин үн жаздыруусу тургундарды дүрбөлөңгө салууда
Кара-Көл шаарындагы WhatsApp тайпаларында “мени уурдоого аракет кылды” деп жазылган аял кишинин үн билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
29-ноябрь түнү Кара-Көл шаарынын тургуну 1971-жылы туулган аял киши телефон аркылуу төмөндөгүлөрдү билдирген: Ошол күнү саат 17:30 чамасында №3 “Келечек” балдар бакчасынан жумушунан чыгып, 5 жаштагы небереси менен бара жатса, белгисиз кара түстөгү унаа бурулуп келип токтоп, ичинен бейтааныш 25-30 жаштардагы эркек бала “үйүңүзгө жеткирип коёлу” деп кайра-кайра айтканынан коркуп “отурбайм” деп унаанын эшигин жаап, үйүнө басып кетип калганын, унаанын ичинде 25-30 жаштардагы эки бала жана кыз-келин болгонун, ошол унааны таап текшерип коюну суранган. Ал ошол окуяны айтып жаздырып WhatsApp тайпаларына да таратып жиберген. Аудиодо 5-6-7-класттын окуучуларын мектепке жалгыз жиберүүгө болбой турганын айткан.
Жогорудагы маалымат Кара-Көл ШИИБге каттоого алынган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн даректе жайгашкан сулуулук салонунун видеокамерасы каралган. Анда саат 17:00дөн 18:30га чейики аралыкта тартылган видеолорго байкоо жүргүзүлгөн. Саат 17:37 чамасында ошол көчөдөн такси кызматында айдоочу болуп иштеген 1986-жылы туулган Кара-Көл шаарынын тургуну өзүнө таандык болгон кара түстөгү Хундай-Соната үлгүсүндөгү унаасы менен өткөндүгү белгилүү болгон.
Ал эми айдоочу өз көрсөтмөсүндө ошол убакыт аралыгында аптекага дары алганы барып, кайра өзү жашаган үйгө келгендигин, бирок жолдон эч кандай шек жараткан башка кара түстөгү унаага көзү түшпөгөндүгүн билдирген. Маалымат берген аялды тааный тургандыгын, мындан мурун бир нече жолу буюртма аркылуу үйүнө алып келип койгондугун, ал аял оорукчандай көрүнгөнүн байкагандыгын, себеби жөн гана сүйлөшүп келе жатып эле каяктагы сөздөрдү айтып уруш чыгарып жүрчү адаты бар болгондугун, анын айткан сөздөрү чындыкка дал келбеген жалган экендигин билдирген. "Бул маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн териштирүүнүн жыйынтыгында аял кишинин телефон аркылуу билдирүүсү чындыкка дал келбегендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда жергиликтүү милиция тарабынан билим берүү мекемелеринде жана коомчулук арасында бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.