Бейшеналиев: "Орун басарларым эс алып жатканда, мен күнү-түнү иштеп жүрдүм. Мындай кызматкерлердин кереги жок"
Орун басарларым эс алып жатканда, мен күнү-түнү иштеп жүрдүм. Мындай кызматкерлердин кереги жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.
“Мен өзүмдүн жеке командамды түздүм, алар саламаттыкты сактоо жана реформалар үчүн жооп беришет. 5-6 ай иштеп, иштин натыйжалуулугун көрдүм. Эгерде 3 айдын ичинде менин жаңы орун басарларым жыйынтык көрсөтпөсө... Бизге абалды оңдоо үчүн бирден-бир мүмкүнчүлүк берилди жана бул министрден жана анын орун басарларынан көз каранды», - деди ал.
Өткөн аптада ал эки орун басары - Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаевди кызматтан алган. Алардын ордуна Улук-Бек Бектурганов менен Жалалидин Рахматуллаевди орун басарлык кызматка дайындаган эле.