SerepTV Logo

Мелис Турганбаев "Сапаттын" президенти Орхан Инанды менен болгон жолугушуусу тууралуу айтып берди

Мелис Турганбаев "Сапаттын" президенти Орхан Инанды менен болгон жолугушуусу тууралуу айтып берди

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Мелис Турганбаев Грузиядан Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу өзү журналисттерге билдирди. Турганбаев 31-май күнү дайынсыз болуп жаткан Инанды менен жолукканын тастыктады.

«Ооба, биз "Адриано" кофейнясында отурганбыз. Мен Орхан Инандыны 20 жылдан ашуун убакыттан бери билем. Бул 1990-жылдардын аягы болчу. Биздин достук мамилебиз бар. Ошол күнү биз билим берүү тутумун талкууладык, менде бизнес ачуу идея бар болчу. Жанымда уулум бар эле, 30 мүнөт сүйлөшүп, чай ичип, жолго чыктык. Ага чейин дагы жолуккам, ал балдарды "Сапат" мектебине жайгаштырууга жардам берчү. Спорт боюнча Грузия менен Украинага барып, 7-июнда кайтып келдим», - деди Мелис Турганбаев.

Буга чейин адвокат Таалайгүл Токтакунова Орхан Инанды дайынсыз жоголгон күнү Мелис Турганбаев менен жолукканын айткан болчу.