SerepTV Logo

Мелис Сатыбеков энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды

Мелис Сатыбеков энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары — Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору болуп Сатыбеков Мелис Бакытович дайындалды. Маалыматты бүгүн, 6-апрелде Энергетика жана өнөр жай министрлигинен тастыкташты. Буга чейин Сатыбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин геология башкармалыгынын жетекчиси болчу.
edita