SerepTV Logo

Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын долбоору талкууланды

Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын долбоору талкууланды
Билим берүү жана илим министрлигинде "Мектептик жалпы билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын" долбоору талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленүүдө. Мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана жаңылоо беш жылда кеминде бир жолу жүргүзүлүүдө. Талкууда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Мамлекеттик стандартты кайра карап чыгуунун маанилүүлүгүн жана өз убагында болуп жаткандыгын белгилеп, бул документтин максаттарына, милдеттерине жана мектептик билим берүү системасындагы ролуна катышуучулардын көңүлүн бурду. Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов билим берүү системасынын өкүлдөрүн Мамлекеттик стандарттын долбоору менен тааныштырды. Өзүнүн презентациясында ал төмөнкүлөрдү баса белгиледи. «Ушул кезде колдонулуп жаткан стандарт өкмөттүн 2014-жылдын 21-июлунда кабыл алынган. Бул мезгилде документте көрсөтүү зарыл болгон билим берүү системасына коюлуучу талаптар өзгөрүп кетти. Мисалы, мамлекеттик стандарттын долбоорунда билим берүүнүн милдеттери жаңыланды: мамлекеттик стандарттын долбоорунда көрсөтүлгөн билим берүүнүн милдеттерине ар бир окуучунун чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн айкындоо жана өнүктүрүү, аларды эмгекти сүйүүгө, бийик адеп-ахлактык принциптерди карманууга тарбиялоо, инсандын өзүн өркүндөтүүсү, өзүн таанып-билүү көндүмдөрүн калыптандыруусу үчүн эң жогорку жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле билим берүү системасындагы тарбиянын салттуу маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга ылайык келүүсүн камсыздоо, балдардын физикалык, психикалык, социалдык, руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү үчүн шарттар да киргизилди», - деди ал.