SerepTV Logo

Мектептерди оңдоодон өткөрүүдө мугалимдерди мажбурлап иштетип жатышабы? Директордун жообу

Мектептерди оңдоодон өткөрүүдө мугалимдерди мажбурлап иштетип жатышабы? Директордун жообу
Мектептердеги оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан видео социалдык тармактарда мугалимдерге мажбурлоо менен жасатып жатышат деп тараган. Тартылган видеого Бишкек шаарындагы мектептердин биринин директору төмөндөгүчө жооп берди: “Мен мындай видеолорду күн сайын тартып, бир башкармалыктын төрагасына жөнөтөм. Алар бизге курулуш материалдарын сатып беришет. Буга чейин мугалимдер бир да жолу нааразычылык билдирген эмес. Бул нерсени бизден башка эч ким жасабайт деп түшүнүү менен мамиле кылышат. Бул видео эмне максатта чыгарылганын түшүнбөдүм”. Кечээ, 8-июнда соцтармактын колдонуучусу “Бишкек шаарындагы мектептердин биринде мугалимдерге мажбурлап жумуш жасатышат экен. Мугалимдер окуучуга сабак береби же кара жумуш жасайбы? Мугалимдер ушундай иштерди жасоого милдеттүүбү?” деген пост менен видеолорду жүктөгөн болчу.
Unknown Author