Медициналык академиянын ректорун шайлоо убактылуу токтотулду
Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорун шайлоо убактылуу токтотулду. Бул туурасында аталган окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты. Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун буйругунда ЖОЖдун ректорун шайлоо боюнча жобонун тартиби сакталбагандыгы айтылган.
Шайлоо эртең, 29-майда өтүшү керек болчу. Аталган кызматка төрт адам талапкерлигин көрсөткөн: медицина илимдеринин доктору, профессор Зиябидин Айдаров, медицина илимдеринин доктору, профессор Индира Кудайбергенова, медицина илимдеринин доктору, профессор Эркин Алымбаев, медицина илимдеринин доктору, профессор Жолдошбек Шаршенбиев.