Медициналык академияда ректорду шайлоону токтотууга нааразы болушууда (видео)
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жамааты ректорду шайлоону токтотууга каршы. Бул тууралуу социалдык тармактарда видео тарады. Университеттин өкүлдөрүнүн айтымында, шайлоону токтотууга негиз болгон эмес, бардыгы мыйзам чегинде жүрүп жаткан. "Төрт талапкер ар бири өз программасын сунуштады, шайлоо өтүшү керек болчу", - дешти алар. Чогулгандар президентке кат жүзүндө кайрылууну көздөп жатышкандыгын айтышууда.
https://youtu.be/LbN6zaDzsWc
Буга чейин Медициналык академиянын ректорун шайлоо убактылуу токтотулганы маалым болгон. Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун буйругунда ЖОЖдун ректорун шайлоо боюнча жобонун тартиби сакталбагандыгы айтылган.
Шайлоо 29-майда өтүшү керек болчу. Аталган кызматка төрт адам талапкерлигин көрсөткөн: медицина илимдеринин доктору, профессор Зиябидин Айдаров, медицина илимдеринин доктору, профессор Индира Кудайбергенова, медицина илимдеринин доктору, профессор Эркин Алымбаев, медицина илимдеринин доктору, профессор Жолдошбек Шаршенбиев.