SerepTV Logo

Массалык уулануу. "Империя пиццы" тамактануучу жайынын бардык түйүндөрү убактылуу жабык

Массалык уулануу. "Империя пиццы" тамактануучу жайынын бардык түйүндөрү убактылуу жабык

"Империя пиццы" тамактануучу жайынын бардык түйүндөрү убактылуу жабылды. Бул тууралуу журналисттерге Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

«Бүгүн 17 түйүнүнүн баары массалык ууланууга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө себеби такталмайынча убактылуу жабылды», - деди ал.

Бул жайдын роллдоруна ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 85 адамга жетти. Алардын арасында балдар да бар экени маалым болду.