SerepTV Logo

Март айында күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн

Март айында күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн
Ушул жылдын март айында өлкөдө күйүүчү майдын баасы 9-10 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. "Республиканын аймагындагы күйүүчү май, ага болгон суроо-талапты жана Орусиядагы заводдордун  баасын анализдеп көрүп, март айында кара майдын баасы орто эсеп менен 9-10 пайызга кымбатташы ыктымал деген бүтүмгө келдик", - деп айтылат билдирүүдө. Ошол эле учурда нефтетрейдерлер баанын мынчалык кескин кымбатташына жол бербөө боюнча аракеттер да көрүлүп жатканын кошумчалашты.
edita