SerepTV Logo

Марлен Маматалиев: "Коопсуз шаардын" айып пулдарынын көлөмүн төмөндөтүү керек"

Марлен Маматалиев: "Коопсуз шаардын" айып пулдарынын көлөмүн төмөндөтүү керек"
Депутат Марлен Маматалиев бүгүн, 25-мартта "Коопсуз шаар" долбоорунун айып пулдарынын көлөмүн төмөндөтүүнү сунуштады. "Экономикалык абал оор, эл кыйналып жатат. Биз "Коопсуз шаар" долбоору менен эреже сактоо тартибин орноттук. Убакыт, учур келди, айып пулдардын көлөмүн азайталы. Эгерде өкмөт макул болсо, мыйзамга өзгөртүү киргизели. Мас болуп унаа айдагандардын эмес, кызыл жол чырагынан өтүп кеткендерге эмес, башка категориядагылар боюнча айып пулдун көлөмүн азайтууну айтып жатам. Туум деген нерсе да болбойт экен. Ошого көңүл буруп коюңуздар", - деди ал.
edita