Мария Айтматованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова бүгүн, 21-апрелде Бишкекте жерге берилет.
Айтматов атындагы эл аралык фонддон билдиришкендей, маркум менен коштошуу зыйнаты саат 10:00дө жазуучунун үй-музейинде болот. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
79 жаштагы Мария Айтматова 20-апрелде коронавирустан көз жумду. Чыңгыз Айтматов экөөнүн ортосунда Ширин жана Элдар аттуу балдары бар.