SerepTV Logo

Премьер-министр Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады

Премьер-министр Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
Премьер-министр Улукбек Марипов Айсулуу Тыныбекованы Украинада өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль алышы менен куттуктады. Бул тууралуу Марипов социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына жазып чыкты. Анда ал Тыныбекованын жеңиши жалпыбыздын сыймыгыбыз деп айткан. “Урматтуу Айсулуу Болотовна! Алтын медалыңыз менен куттуктайм! Сиздердин жеңишиңиздерди кызыгуу менен көрүп, сыймыктануу менен кабыл алдык. Бүгүнкү жетишкендигиңиз тынымсыз эмгек, талыкпас машыгуулардын жыйынтыгы болду десем жаңылбайм. Сиздин жеңишиңиз элибиздин духун көтөрүп, жаштарыбыздын ишенимин бекемдеген жалпыбыздын сыймыгыбыз!”, – деп жазды Марипов.

 
Unknown Author