SerepTV Logo

"Манастын эстелиги турган жердин асты чирип, урайын деп калган". Аскат Алагозов оңдоло турганын билдирди

"Манастын эстелиги турган жердин асты чирип, урайын деп калган". Аскат Алагозов оңдоло турганын билдирди

Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Манастын айкели турган жердин астындагы конструкциялар демонтаждалып, толугу менен оңдолот. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жазды.

"Манастын эстелиги турган жердин асты чирип, урайын деп калган", - деп жазган Аскат Алагозов оңдоо иштери январдын ортосунда башталарын кошумчалаган.

"2018-жылы Тарых музейин реконструкциялоо иштери жүргөн. Ошол кезде, бул жерде гидроизоляциялоо иштери талаптагыдай аткарылган эмес. Ошол себептен суу кирип, астындагы конструкциялардын бузулуусуна алып келген", - деди Алагозов.

Анын айтымында эстелик астын оңдоодо бул кемчиликтер эске алынып, толугу менен жоюлат.

Кошучалай кетсек, 2018-жылы Тарых музейин реконструкциялоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн жана Түркия тараптан 15 миллион доллар грант берилген.

[gallery columns="1" link="file" size="full" jnewsslider="true" ids="267748,267750,267751,267752,267754,267755,267756,267757,267749"]