SerepTV Logo

Манас шаарында жол четиндеги идиштеги гүлдөр талкаланды

Манас шаарында жол четиндеги идиштеги гүлдөр талкаланды
Манас шаардык мэриясы маалымат таратып, санаторийге бара жаткан жолдун четиндеги гүлдөрдү талкалап кетишкенин билдирди.
"Бул көрүнүш – биздин жалпы шаарыбыздын көркүнө гана эмес, ар бирибиздин маданиятыбызга жана жоопкерчилигибизге көлөкө түшүрөт. Ар бир түп гүл – шаардын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлеринин түйшүктүү эмгегинин, сиздердин, биздин салыгыбыздан жыйналган каражатка өстүрүлөт", - дешти мэриядан. Ал эми милиция бул факты Жалал-Абад шаардык милициянын электрондук каттоо журналына катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
edita