Бишкекте жолдо калган элге “Манас” аэропорту 4 автобус бөлүп берди
“Манас” эл аралык аэропорту Бишкек шаары үчүн каттамга 4 автобус бөлүп берди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Бүгүн, 2-июнда борбор шаарда коомдук транспорттун тартыштыгы жаралды. Маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып, иш ташташты.