SerepTV Logo

"Манас" аэропортунда убактылуу эмдөө пункту ачылды

"Манас" аэропортунда убактылуу эмдөө пункту ачылды

"Манас" эл аралык аэропортунда убактылуу эмдөө пункту уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал аэропорттун санитардык-карантиндик пунктунда жайгашкан, саат 8:00дөн 16:30га чейин иштейт.

Эмдөөдөн өтүүнү каалагандардын жанында паспорту болушу керек. Анткени бардык маалыматтар Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат базасына киргизилет.