SerepTV Logo

"Манас" аэропортунда ПЦР-тест тапшыруучулар учуудан 4-5 саат мурда келиши керек

"Манас" аэропортунда ПЦР-тест тапшыруучулар учуудан 4-5 саат мурда келиши керек
«Манас» эл аралык аэропорту» эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр «Манас» аэропортунан ПЦР-тест тапшырышы керек болсо, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүсү зарыл экендигин эскертет. Бул тууралуу аталган аэропорттон билдиришти. Кыргызстандын негизги аэропортунда 31-майдан тартып COVID-19ду тез аныктоочу АMSBIO компаниясынын жаңы ПЦР-лабораториясы ишке кирген. ПЦР-тестти «Манас» аэропортунун 2-кабатынан күндүзгү саат 8:00ден 18:00ге чейин тапшырууга мүмкүн. AMSBIO лабораториясынын артыкчылыктары:
  • Буга чейин КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда жок заманбап жабдуулар жана реагент колдонулгандыктан, 100 пайыз так жыйынтык берет;
  • Заманбап жабдуулардын аркасында ПЦР-тест ыкчам режимде аныкталат: 1,5-2 саат үчүн (3499 сом) 4-5 саат үчүн (2399 сом);
  • ПЦР-тестти «Манас» аэропортунан чет өлкөгө учуу алдында тапшыруу мүмкүндүгү;
  • ПЦР-тесттин жыйынтыгы чет өлкөлөргө чыгуу үчүн жарактуу, анткени AMSBIO компаниясы Саламаттыкты сактоо министрлигинин аккредитациясынан өткөн;
  • ПЦР-тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же «Манас» аэровокзалынын 1-кабатынан 3 тилде чыгарылган ырастама иретинде алууга мүмкүн;
  • Корей AMSBIO компаниясы Кыргызстанда лаборатория түйүндөрүн жайылтууну көздөөдө. Бул компаниянын ПЦР-лабораториялык изилдөөлөрү акыркы муундун заманбап жабдууларын колдонуу жана импорттук реагенттердин жардамы менен өткөрүлгөндүктөн, COVID-19дун бардык түрлөрүн аныктайт. АКШ, Корея, БАЭ жана башка өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет.