SerepTV Logo

"Манас" аэропортунда ПЦР-лаборатория ишке кирди. Жыйынтыгы 2 саатта чыгат

"Манас" аэропортунда ПЦР-лаборатория ишке кирди. Жыйынтыгы 2 саатта чыгат
31-майда «Манас» эл аралык аэропортунда COVID-19ду тез аныктоочу АMSBIO компаниясынын жаңы ПЦР-лабораториясы ишке кирди. Бул тууралуу аталган аэропорттон билдиришти. ПЦР-тестти «Манас» аэропортунун 2-кабатынан күндүзгү саат 8:00дөн 18:00гө чейин тапшырууга мүмкүн. AMSBIO лабораториясынын артыкчылыктары: - буга чейин КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда колдонула элек заманбап жабдуулар жана реагент колдонулгандыктан, 100 пайыз так жыйынтык берет; - заманбап жабдуулардын аркасында ПЦР-тест ыкчам режимде аныкталат: 1,5-2 саат үчүн (3499 сом) 4-5 саат үчүн (2399 сом); - ПЦР-тестти «Манас» аэропортунан чет өлкөгө учуу алдында тапшыруу мүмкүндүгү (Орусиядан башка өлкөлөргө, анткени компания азырынча «COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинин мүчөлүгүнө кире элек). - ПЦР-тесттин жыйынтыгы чет өлкөлөргө чыгуу үчүн жарактуу, анткени AMSBIO компаниясы Саламаттыкты сактоо министрлигинин аккредитациясынан өткөн; - ПЦР-тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же «Манас» аэровокзалынын 1-кабатынан 3 тилде чыгарылган ырастама иретинде алууга мүмкүн; - ПЦР-лабораториясы COVID-19дун бардык түрлөрүн аныктайт. АКШ, Корея, БАЭ жана башка өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет.