SerepTV Logo

“Манас” аэропорту: Түркстан-Бишкек-Түркстан жаңы аба каттамы ачылат

“Манас” аэропорту: Түркстан-Бишкек-Түркстан жаңы аба каттамы ачылат
Бишкектен Казакстандын башкы шаарлары - Алматы жана Нур-Султанга Түркстан аркылуу учууга болот. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 31-майдан баштап Түркстан-Бишкек-Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу каттамды ачуу пландаштырылууда. Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу жумасына эки жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.
Unknown Author