SerepTV Logo

Мамлекеттик "Кыргыз Лото" лотерея компаниясы чыгашалуу

Мамлекеттик "Кыргыз Лото" лотерея компаниясы чыгашалуу

Мамлекеттик "Кыргыз Лото" лотерея компаниясы чыгашалуу. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында компаниянын директору Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди. Анын айтымында, компания Кыргызстанда 2016-жылы негизделген.

"Аны түзүүгө акча бөлүнгөн, бирок лотереялык иш-чаралар жүргүзүлгөн жок. Бөлмөнү ижарага алып, эмерек жана шаймандарды алып келдик. 2018-жылдын аягында гана иштей баштады. Бул компаниянын натыйжалуулугуна таасирин тийгизди”, - деди Кубанычбек Бөкөнтаев.

Белгилей кетсек, "Кыргыз Лото" компаниясы 2016-жылдын 17-июнунда негизделген. Мамлекеттик ишкананын негиздөөчүсү - өкмөт.