SerepTV Logo

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму уставдык капиталын 150 миллион сомго көбөйтөт

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму уставдык капиталын 150 миллион сомго көбөйтөт

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму уставдык капиталын 150 миллионго көбөйтөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтын акционерлеринин кезексиз жыйынында уставдык капиталын 150 миллион сомго көбөйтүү чечими кабыл алынганы жазылган. Ошентип, ал 1 миллиард 144 миллион сомду түзөт. 

Кыргыз фондулук биржасынын маалыматы боюнча, ар биринин номиналдык наркы 100 сомдон болгон 1,5 миллион жөнөкөй акциялар чыгарылат. Баалуу кагаздардын жалгыз ээси Каржы министрлиги болот.