Медициналык кызматкерлерге компенсация төлөөгө 243 миллион сом бөлүндү
Республикалык бюджеттен коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жана анын кесепетинен каза болгон 1165 медициналык кызматкерге бир жолку акчалай компенсация төлөөгө 243 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Буга чейин медицина кызматкерлери компенсация төлөөгө байланыштуу көйгөлүү маселелер боюнча митингге чыгышкан.