Өрттөлгөн үйдөн табылган эркек кишинин сөөгү жакындарына өткөрүп берилди
«Бул биздин үй болчу. Бул жерде мен, авам, энем, инилерим жашайт элек. Ошол күнү энем жээнимдикине кеткен, авам (агам) ишке, карындаштарым мектепке кеткен. Окуя авам келгенден кийин 5 мүнөттөн кийин башталды. Мен үйдө элем. Үйдүн алдында иш кылып жүргөнүмдө ок атуулар башталды. Мен ары кеткенде авам үйдө калып калган экен. Ошол жерден бир адамдын сөөгүн таптык. Сөөктү таанып болбойт», — деген иниси. Ал андан тышкары, сөөк жерге бериле электигин, анткени соттук-медициналык экспертиза дайындалганын айткан эле. Апааттан Эгембердиевдердин 4 бөлмөлүү үйү, «Жигули» үлгүсүндөгү машинасы да күйүп кеткен. Андан тышкары үй тиричилигине керектелүүчү буюмдары кыйраган. Ал эми үй жандыктарын жана дагы үй салууга сатып алып койгон курулуш материалдарын тоноп кетишкен.
Жогорудагы окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ИИМге кайрылып, сөөк жакындарына өткөрүп берилгенин тастыктады. "2-майда саат 13:36 чамасында Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылындагы күйүп кеткен турак-жай үйлөргө кароо жүргүзгөндө, Максат айылында өзүнүн жашаган турак үйүндө 1967-жылы туулган Ражжапбай Эгембердиевдин күйүп кеткен жансыз денеси табылган. Бул материал Лейлек РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Маркумдун жансыз денеси жакындарына өткөрүп берилген", - деп айтылат маалыматта.