Максат айылында өрттөлгөн үйлөргө жазылган "сырдуу" белги эмнени түшүндүрөт? Милициянын жообу
Буга чейин социалдык тармактарда Лейлек районунда өрттөлгөн ар бир үйгө «ОМП» деген сырдуу жазуу калтырып кетишкени талкуу жараткан. Cүрөттөр Максат айылында тартылган.
Бул белги Куралдуу Күчтөрдүн өзүнчө мотоаткычтар полкун түшүндүрөрү, (ОМП — отдельный мотострелковый полк) ал Тажикстандын Коргоо министрлигинин курамына кирери божомолдонуп жаткан. Социалдык тармактардын колдонуучулары да үйлөрдү өрттөөгө тажик аскер кызматкерлеринин тиешеси болушу мүмкүн деп жатышкан. Бул боюнча Баткен ОИИБ "ОМП" — "осмотр места происшествия", окуя болгон жер текшерилип, кароого алынды деген сөздүн аббревиатурасы экендигин билдиришти.
Аны кыргызстандык тергөөчүлөр аталган аймакты карап чыккандан кийин башка кесиптештери кабардар болушу үчүн жазып жүрүп отурганы маалым болду.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="43189,43188,43187,43186"]