SerepTV Logo

Май майрамдарында "Ала-Арча" паркына автобус каттайт

Май майрамдарында "Ала-Арча" паркына автобус каттайт

Май майрамдарында "Ала-Арча" жаратылыш паркына чейин жарым-жартылай экспресс автобус каттамы уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

1-майдан 11-майга чейин борбордон "Ала-Арча" жаратылыш паркына чейин жарым-жартылай экспресс автобус каттамы уюштурулат. Каттамдын акыркы аялдамалары Эски аянтта жана "Ала-Арча" жаратылыш паркында жайгашат. Жол кире накталай төлөөдө 50 сом, накталай эмес төлөөдө 40 сом болот.

Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт, зарыл болгон учурда иш тартиби кайрадан каралып чыгат. Каттамды газ менен жүргөн 12 метрлик заманбап ISUZU автобустары тейлейт. Мындан тышкары, "Ала-Арча" жаратылыш паркынын ичинде акысыз негизде эки жаңы электробус каттайт.