SerepTV Logo

Өлкөдө май айында коронавирус жуктургандардын саны апрелге салыштырмалуу 1,3 эсеге көбөйгөн

Өлкөдө май айында коронавирус жуктургандардын саны апрелге салыштырмалуу 1,3 эсеге көбөйгөн
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча ушул жылдын майында жалпы республика боюнча коронавирус менен лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 9,6 миңден ашык учурлары катталган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Маалыматка караганда, май айында коронавирус инфекция оорусу менен катталган учурлардын 60 пайызга жакыны Бишкек шаарына, ал эми 23 пайызга жакыны Чүй облусуна туура келген. Өткөн айда калктын 100 миңине алганда ооругандардын апрелге салыштырмалуу саны - 1,3 эсеге, ал эми март айына салыштырмалуу - 4,1 эсеге көбөйгөн.