"Мага аябай жакты". Балбан Айсулуу Тыныбекова дубалдын бооруна түшүрүлгөн сүрөткө баа берди
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова сүрөтү түшүрүлгөн муралга баа берди. Ал Инстаграмдагы баракчасында мындай чыгармачыл иш үчүн DOXA арт тобуна жана бардык демилгечилерге ыраазычылык билдирди.
«Мен топтун ишин көптөн бери байкап келгем. Бардык штрихтердин тактыгына жана тандалган түстөргө таң калдым. Өлкөбүздө стрит-арттын өнүгүшүнө салым кошконуңуз үчүн рахмат! Бул абдан кооз жана шыктандыруучу индустрия", - деп жазып, ага жакканын баса белгиледи.
Мурал Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн дубалына тартылган.Посмотреть эту публикацию в Instagram