Маданият министрлигинин борбордук аппаратында кадрдык өзгөрүүлөр болду
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратында кадрдык өзгөрүүлөр жүрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жаңыланган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилер тизмеси:
- Искусствону өнүктүрүү жана саясатты жүргүзүү башкармалыгынын начальниги - Мамбетмусаева Салтанат Азисовна;
- Билим берүү мекемелеринин ишин координациялоо бөлүмүнүн башчысы - Курамаева Айдай Кенжебековна;
- Маданиятты өнүктүрүү жана саясатты жүргүзүү башкармалыгынын начальниги - Жолдошов Чынарбек Маматович;
- Маданий мурастарды сактоо бөлүмүнүн башчысы - Самыйбекова Айжан Самыйбековна;
- Материалдык-техникалык базаны жана инфратүзүмдү жакшыртуу секторунун башчысы - Жээналиев Азамат Кошулбекович;
- Маалыматтык саясатты жүргүзүү башкармалыгынын начальниги - Сарногоева Салкын Сатаровна;
- Лицензиялык контролдоо жана анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу бөлүмүнүн башчысы - Ибрагимов Бектур Берикович;
- Эл аралык мамилелер башкармалыгынын башчысы - Жакыпбеков Нусубалы Эшмукамбетович;
- Пландоо жана каржылоо башкармалыгынын начальниги - Жолдошев Нурлан Касымович;
- Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы - Кулуев Кайнарбек Кожогелдиевич;
- Стратегиялык пландоо жана санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы - Асанбаева Айнура Абдыкалыевна;
- Этностор аралык мамиле бөлүмүнүн башчысы - Эшимбеков Искендер Жекшенбаевич;
- Жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы - Шайкидинов Аскар Токторбекович;
- Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы - Бакеев Ринат Аскарбекович;
- Басма сөз кызматы бөлүмүнүн башчысы - Мадиева Эльмира Жумагуловна;
- Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы - Өмүрбек кызы Венера;
- Документтик камсыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы - Букуева Мерида Сагыновна;
- Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу - Ажибаев Фархат Бурканович.