Маданият министри Кайрат Иманалиев Ош шаарындагы бир катар маданий мекемелерге барды
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Ош шаарындагы бир катар маданий мекемелерге барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда ал Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын эмгек жамааты менен жолугуп, 2021 -жылы белгилене турган 100 жылдык юбилейин жогорку деңгээлде өткөрүү маселесин уюштуруу комитети менен талкуулады.
Мындан тышкары, ал Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайынын жетекчилиги жана педагогикалык курамы менен жолугуп, учурдагы көйгөйлөрү жана токтоп калган курулуш иши, адистердин жетишсиздиги жана мындан кийинки келечеги тууралуу кенен талкуу өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү тапшырмалар берилди. Ошону менен бирге, окуу жай тарабынан атайын даярдалган чакан форматтагы тандалма-концерттик программа көрсөтүлдү.
Ошондой эле ал Таш-Мияшов атындагы Ош облустук балдар китепканасында болуп, учурда талаш жаратып жаткан имарат маселесин тиешелүү органдар менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү, аталган китепкананын Ош облусу жана шаар тургундары үчүн мааниси чоң экендиги айтылып, келечекте китепкана приоритеттүү багыттарды колго алып, өсүп келе жаткан муун үчүн таасирдүү жана маданий аянтча боло тургандыгы баса белгиленди.
Министрдин кийинки жолугушуусу Бекмуратов атындагы Ош шаардык музыкалык мектебинде уланып, окутуучулар менен маек курду. Анда материалдык техникалык база, окуу класстарынан кабар алып, маселе жараткан маанилүү жагдайларга токтолду.