SerepTV Logo

"Маалымат чындыкка дал келбейт". УКМК Мелис Аспековдун аракеттерин коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу деп баалады

"Маалымат чындыкка дал келбейт". УКМК Мелис Аспековдун аракеттерин коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу деп баалады
Активист Мелис Аспеков УКМКнын тергөө камак жайында ур-токмокко алынгандыгы жана тергөө абагынын кызматкерлери кыйноого алынып жаткандыгы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жайылтылган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине УКМКдан билдиришти. Бул маалыматка УКМК тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Мелис Аспеков жаракат алгандыгы боюнча көрсөтүлгөн сүрөттөр 2021-жылдын март айынын башында тартылгандыгы аныкталган. Аспековдун өзүнүн айтымында, ал 4-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна барганда денесинен жаракат алгандыгын айткан. Ал денеге залал келтирүүнүн келип чыгуу себебин билдирүүдөн баш тарткан жана УКМКнын тергөө камак жайынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин айткан. Буга 11-мартта түзүлгөн АКТ күбө болуп турат. УКМК Аспековдун бул аракеттерин коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети катары экендигин баалайт. УКМК атайылап жалган маалыматтарды таратуу, мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертип кетет. Төмөндө 2021-жылдын 7-мартындагы жана 11-мартындагы актылар.