Лос-Анжелести каптаган өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
Тышкы иштер министрлиги Лос-Анжелести каптаган токой өртү боюнча маалымат берип, Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу бул аймакта жайгашкан Кыргыз жарандары менен байланышта экенин билдирди.
Учурда Лос-Анжелес аймагындагы токой өртүнүн кесепетинен жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. "Тышкы иштер министрлиги Калифорнияда жүргөн жарандарга күчөтүлгөн коопсуздук чараларын сактоону, кыраакылыкты сактоону жана өрт чыккан аймактарга баруудан баш тартууну сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.