SerepTV Logo

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 52 килограммдан ашык баңгизат жок кылынды (видео)

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 52 килограммдан ашык баңгизат жок кылынды (видео)
Бишкекте Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган 50 килограммдан ашуун баңгизатын жок кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда аталган райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. «Жалпысынан 52 килограмм 393 грамм баңгизат изилдөө жана экспертизадан кийин жок кылынды», - деп билдиришти милициядан. Шаардагы от казандардын биринде атайын түзүлгөн комиссиянын катышуусунда баңгизаттар өрттөлгөнү белгиленди. [video width="638" height="360" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/v-bishkeke-miliczionery-unichtojili-bolshe-50-kilogrammov-narkotikov.mp4"][/video]  
edita