SerepTV Logo

Лейлектик Хатикону Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген балет бийчиси багып алды

Лейлектик Хатикону Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген балет бийчиси багып алды
Баткен облусундагы лейлектик Хатикону Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген балет бийчиси Досмат Садыркулов багып алды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды. “Кыргыз Хатикосу эми менин итим. Ага Баатыр ысымын ыйгардым”, - деп жазат ал. Садыркулов билдиргендей, иттин мүнөзү жана берилгендиги жагып, аны багып алууну чечкен. “Үй-бүлөм чечимимди колдоду. Баатыр менен алгачкы көрүшкөндөн тарта жакшы байланыш түзүп кеттик”, - дейт ал. Лейлек районунун Максат айылындагы талкаланган үйдөн ээсин күтүп жаткан ит табылган. Итти таап алган журналисттер ага лейлектик Хатико деп атап алышкан эле.
Unknown Author