SerepTV Logo

Лейлекте Тажикстанга өтүп кеткен 20 баш эчки кайтарылды

Лейлекте Тажикстанга өтүп кеткен 20 баш эчки кайтарылды
Лейлек районунун Кулунду айылында 20 баш эчки оттоп жүрүп, коңшу Тажикстандын аймагына кирип кеткен. Алар мал ээсине кайтарылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. "Кулунду айылынын 56 жаштагы тургунун 20 баш эчкиси Раззаков айылында чек ара тилкесинде оттоп жүрүп, Тажикстандын Расулов районунун Селкен айылына 9-февралда кирип кеткен. Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери сүйлөшүп, кыргыз тарап тажик тарапка кирип кеткен малын кайтарып алды", - деп жазылат маалыматта.