Лейлекте бензиндин тартыштыгынан баа 47 сомго чыкты
Лейлек районунун Исфана шаарында май куюучу жайларда бензин тартыш болуп, унаалардын узун кезеги жаралып баа кескин түрдө 47 сомго көтөрүлгөнун жергиликтүү тургундар социалдык тармактарга жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган шаарда бир гана «Газпром» май куюучу жайында бензин сатылып жатат. Ал эми кээ бир май саткан жайлар А95 үлгүсүндөгү бензинди кечээ, 28-февраль күнү кечинде 47 сомго чыгарып сатышкан.
Ошондой эле жергиликтүүлөр мындай бензинге болгон муктаждык атайылап бааны көтөрүү максатында болуп жатканын болушу мүмкүн деп болжолдошууда.