SerepTV Logo

Лейлек районунун башчысы менен Гафуров районунун башчысы жолукту. Эмнени сүйлөшүштү?

Лейлек районунун башчысы менен Гафуров районунун башчысы жолукту. Эмнени сүйлөшүштү?
Кечээ, 18-майда саат 17:00дө Лейлек району менен Тажикстандын Гафуров районунун башчылары жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов баштаган райондун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Согди облусуна караштуу Гафуров районунун төрагасы Зафарбек Давлатзода баштаган жетекчилер менен жолугушту. Жолугушуу кыргыз-тажик чек арасында болуп өттү. Район башчылары 29-30-апрелде болуп өткөн куралдуу жаңжалдан улам пайда болгон бир катар көйгөйлөрдү чечүү үчүн эки тарап тең кыска аралыкта тактоо жумуштарын аяктоо менен жакынкы аралыкта маселелерди чечүү аракеттеринин жыйынтыгы боюнча байланышууну макулдашышкан. Ошондой эле тийиштүү жетекчилер, чек аралаш аймактарды биргелешип кайтаруу үчүн чек арачылардын патрулун коюуну сүйлөшүштү. Белгилей кетсек, бул жолугушуу кечээ, 18-майда Баткен жана Согди облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзоданын жолугушуусунун алкагында, чек аралаш аймактарда орун алган маселелерди кечиктирбей, ыкчам чечүү боюнча жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине койгон тапшырмаларынын негизинде болуп өткөн. Алдыда Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин да жолугушуусу күтүлүүдө.