Лейлек районуна жаңы суу сактагыч куруу пландалууда
Баткен облусунун Лейлек районуна жаңы суу сактагыч куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.
Анын айтымында, бюджеттен суу сактагычтын долбоордук-сметалык документациясын даярдоого 10 миллион сом бөлүндү. Кармышаков ошондой эле чек ара заставаларын оңдоп-түзөө үчүн каражат бөлүнүп жатканын кошумчалап кетти.