SerepTV Logo

"The Lancet" журналы: "Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү көп катталышы мүмкүн"

"The Lancet" журналы: "Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү көп катталышы мүмкүн"

Окумуштуулар тобу дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр боюнча 2021-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин 100 миң адамга COVID-19 өлүмүнүн көрсөткүчүн моделдешкен, ага ылайык, Кыргызстанда өлүмдүн эң начар божомолу күтүлүүдө - 100 миң адамга 256дан 512ге чейин өлүм. Изилдөө абройлуу "The Lancet" журналына июнь айында жарыяланган.

Баалоо моделинде эксперттер ар бир өлкөнүн COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздоо жөнүндө маалыматтарды, SARS-CoV-2 варианттарына каршы вакциналардын эффективдүүлүгүн, адамдардын вакцинага болгон ишенимин алышкан. Бул модель Кыргызстанда дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн өлүм көп катталарын көрсөткөн.