SerepTV Logo

Кызылча менен сабиздин баасы бир жыл ичинде дээрлик 2 эсеге жогорулады

Кызылча менен сабиздин баасы бир жыл ичинде дээрлик 2 эсеге жогорулады
Ушул жылдын май айында кызылчанын чекене баасы республика боюнча орточо 1 килограмм үчүн 60,48 сомду түзгөнүн жана 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 28,75 сомго же дээрлик 2 эсеге өскөн. Ал эми сабиздин баасы тиешелүүлүгүнө жараша 1 килограмм үчүн 40,49 сомду түзгөнүн жана 1,6 эсеге өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Муну менен бирге эң кымбат кызылча Токтогулда 100 сомдон, Жалал-Абад жана Бишкекте 71 сомдон сатылып жатат. Ал эми кызылчага карата минималдуу баалар Кара-Суу (30 сом), Талас (30,94 сом) жана Ош (31,18 сом) шаарларында катталган. Сабизге карата чекене баа Бишкек (45,10 сом), Исфана (43,87 сом) жана Токмок (43,18 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми сабизге карата минималдуу баа Кара-Суу (25 сом), Баткен (27,81 сом) жана Ош (30 сом) шаарларында байкалган.