"Кызыл зонада" иштеген жана иштеп жүрүп каза болгон медицина кызматкерлерине компенсация төлөнүүдө
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги COVID-19 вирусун жуктурган дарыгерлерге жана вирустан каза болуп калган дарыгерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөй баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалымат боюнча, 14-июнда "Саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлерине компенсация төлөө жөнүндө" буйрукка кол коюлган. Ведомство боюнча "кызыл зонада" иштеп жүрүп коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине жана бул вирустан каза болуп калган дарыгерлердин үй-бүлөлөрүнө 200 миң сомдон жана 1 миллион сомдон компенсация төлөнөт. Бүгүнкү күндө документтери комиссия тарабынан каралган 196 медициналык кызматкерге, каза болгон бир медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон компенсация (200 миң сом) төлөндү.
Жалпысынан 1 миң 121 медицина кызматкерлерине жана каза болгон медицина кызматкерлеринин 33 үй-бүлөсүнө компенсация төлөндү.