SerepTV Logo

Кызыл-Кыяда үч өспүрүм тилемчилик кылып жүргөн

Кызыл-Кыяда үч өспүрүм тилемчилик кылып жүргөн

Кызыл-Кыяда жүргүзүлгөн алдын алуу иштеринин жүрүшүндө үч өспүрүм тилемчилик кылып жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан 15-январь күнү "Кароосуз калгандар" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп, иш-чарага жергиликтүү билим берүү жана эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте шаар аймагындагы соода түйүндөр, кафе-ресторандар жана балдардын болжолдуу чогулуучу жайлары текшерүүгө алынды.

Билим берүү мекемелеринде балдар арасында 9 жолу жыйындар өткөрүлүп, укук бузуулардын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын келип тилемчилик кылып жүргөн 3 жашы жете элек балдар аныкталып, түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, жашаган жерине жөнөтүлдү.

Түнкү убакта мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 6 өспүрүм аныкталып, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 4 ата-энеге карата айып протоколдору толтурулду.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="269643,269644,269645"]