Кызыл-Кыяда мечиттин жанына калтырылган ымыркай табылды
Кызыл-Кыяда мечиттин жанына калтырылган ымыркай табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
"Кызыл-Кыя шаарындагы “Аль-Гуфран” атындагы мечитке эрте менен азан чакыруу үчүн молдо барган учурда мечиттин ичинде ак шейшепке оролгон эркек бала табылган. Бул факты 3-январь күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.
Табылган ымыркай Кызыл-Кыя шаардык биргелешкен ооруканасына жеткирилип, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынган. Абалы туруктуу.