Кызыл-Кыя шаарында валерианка таблеткалары беш эсеге кымбаттады
Кызыл-Кыя шаарында Орусияда жасалган валериан экстракты таблеткалары 100 сомдон сатылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар социалдык тармактарга жазып чыгышты.
«Мурда валерианка Кызыл-Кыяда 20 сомдон сатылчу. Учурда анын баасы 100 сомго чыгып кетиптир. 30 же 40 сомдон сатылса түшүнсө болот эле. Бирок дароо беш эсе кымбатташын кандай түшүнсө болот",- деп жазышкан колдонуучулар.
Бишкектеги ири дарыканаларда да аталган таблетка тартыш болуп, көп жерлерде сатылбай эле. Бирок дары 15-20 сомдон сатылып келген.