"Кыздарга берген жокпуз". Саламаттыкты сактоо министри келиндердин төрөй албай жатканынын себебин айтты
Кыздар уу коргошун ичкенден эмес, юбка кийип асфальтка отуруп алгандан төрөбөй калып атышат. Мындай оюн саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.
"Учурда уу коргошунду коронавирус менен ооругандарга берип атабыз. Кыздарга берген жокпуз. Уу коргошунду турмушка чыга элек кыздар ичсе, төрөбөй калат деген кептер айтылып жүрөт. Ушундай болгон деп. Кыздар азыр эмнеден төрөбөй калып атат? Ысык-Көл тамырынан эмес юбка кийип алып, чечинип алып асфальтта отуруп сезгенүү болуп калып төрөбөй калып атышат", - деди ал.