Кытайдын "Sinopharm" вакцинасынын экинчи партиясы ушул жума ичинде алып келинет
Кытайдын коронавируска каршы "Sinopharm" вакцинасынын экинчи партиясы 20-июнга чейин келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалымат боюнча, 150 миң доза "Sinopharm" вакцинасы ушул жума алып келинет. Ал эми «Спутник V» жана "AstraZeneca" вакциналарынын кайсы убакта келери тууралуу тактала элек.