Кытайдын "Sinopharm" вакцинасы качан алып келинери белгисиз
Кыргызстанга Кытайдан "Sinopharm" коронавируска каршы вакцина жакынкы аралыкта алып келиниши керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
“Буга чейин вакцина июнь айынын башында келери айтылган, андан кийин июль айына жылдырылган. Бирок азыр кайсы күнү келе тургандыгы боюнча маалымат бериле элек”, - дешти министрликтен.
Буга чейин Кыргызстанга 1,1 миллион доза "Sinopharm" жеткирүүгө макулдашылган. Азыркы тапта андан мурда макулдашылган 150 миң доза вакцина алып келине элек. Алар жакынкы күндөрү өлкөгө атайын чартердик рейс менен жеткирилет деп убадаланган.