Кытайдын Жаны жыл майрамы: Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кытайдагы Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, "Торугарт" өткөрүү пункту 11-февралдан тарта убактылуу жабылат. Көзөмөл-өткөрүү пунктунан унаалардын жана товарлардын өтүүсү 15-февралынан тарта улантылат.
Ал эми "Эркеч-Там" өткөрүү пункту 12-февралдан тартып убактылуу жабылып, 16-февралдан тарта иштей баштайт.
"Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары Кытай жана Кыргыз өлкөлөрүнүн ортосундагы товарлардын өтүүсүн гана камсыз кылган атайын алгоритм боюнча иштейт.