SerepTV Logo

Кытай Кыргызстанга дагы 63 миллион сомдук гуманитардык жүк жиберди

Кытай Кыргызстанга дагы 63 миллион сомдук гуманитардык жүк жиберди
Кытай Саламаттыкты сактоо министрлигине 63 миллион сомго гуманитардык жардамдын кезектеги партиясын тапшырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, гуманитардык жүктө бир жолку колдонуучу коргонуучу кийим, кол кап, хирургиялык беткап, коргоочу беткап, көз айнек, бахила, халат, баш кийим, жасалма дем алдыруучу аппарат жана ПСР аппараты болгон. Мекеменин маалыматы боюнча бул жардамдын жалпы суммасы 63 миллион сомдон ашат.
Unknown Author