Кытай компаниясы Кыргызстандан 17 фура алтын концентратын алып чыгып кеткенби? Бажы кызматынын жообу
"Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарларды экспорттоого байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органдары ЕЭКтин 2015-жылдын 21-апрелиндеги №30 чечими менен бекитилген импортко жана экспорттоого уруксат берүү тартибин жетекчиликке алышат. Алып кирүү жана алып чыгуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген уруксат (лицензия) болгондо гана ишке ашырылат. Өкмөттүн 2016-жылдын 24-мартындагы №142 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы "КАЙДИ" компаниясына 2021-жылдын 26-августунда "флотациялык концентратты" экспорттоого лицензия берген. Ошентип, жогорудагы чечимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бажы кызматкерлери "флотациялык концентратты" чыгарууга байланыштуу бажы операциясын жүргүзүштү",- деп айтылат маалыматта.